Туризм

Кыргызстан менен Азербайжан блогер жана туристтик агенттиктер үчүн турларды уюштурат

Кыргызстан менен Азербайжан белгилүү блогер жана туристтик агенттиктер үчүн эки тараптуу турларды уюштурат. Алар эки өлкөнүн туристтик потенциалы менен жакындан таанышып, тараптардын кайталангыс кооз жерлери жана маданиятына күбө болушат. Бул тууралуу Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев жана аталган өлкөнүн Мамлекеттик туризм агенттигинин төрагасы Фуад Нагиевдин жолугушуусунда айтылды.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы туризмдин учурдагы абалына жана потенциалына баа беришти.

Элчи К. Осмоналиев агенттиктин төрагасына Кыргызстандын элчилигинин көмөгү менен үстүбүздөгү жылдын 22-июлунан тартып Баку менен Бишкектин ортосунда кезектеги чартердик рейс ачылганы тууралуу маалымат берди. Бул каттам эки өлкөгө туристтер агымын көбөйтүүгө жардам бериши керек.

Source
Kabar.kg

TuraNews

Back to top button