БашкыДен соолук

Түркия Кыргызстанга боорду алмаштыруу боюнча борбор түзүүгө жардам берүүгө даяр

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркиянын Малатья шаарындагы Инөнү университетинин ректору, профессор, академик Ахмет Кызылай баштаган делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Анда адам органдарын трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү, саламаттык сактоо уюмдарында жогорку технологиялык дарылоону киргизүү, ошондой эле Кыргызстанда өлүмдүн санын азайтууга багытталган чаралардын комплексин кабыл алуу боюнча келечек пландар талкууланды.

Мамлекет башчысы республикада адам органдарын трансплантациялоо маселеси жаатында тажрыйба жок болгондуктан, Кыргызстандын жарандары аргасыздан чет өлкөлөргө барып, операция аркылуу дарт чалган органдарын алмаштырып келип жатканын белгиледи.

Ошону менен бирге президент белгилегендей, ар кандай каржылык кыйынчылыктарга карабастан, өлкөнүн саламаттык сактоо системасында трансплантация чөйрөсүндө дүйнөлүк илимдин өнүгүү темпин кармап, аракет кылып жаткан жогорку квалификациялуу кадрлары бар.

Садыр Жапаров анын тапшырмасы менен быйыл 50 жараныга бюджеттин эсебинен бөйрөк алмаштыруу боюнча операция жасаларын эске салды. Ар бир операцияга мамлекеттик бюджеттен 7 миң доллар каражаты бөлүнүүдө. Эми экинчи кадам катары жапа чеккен бейтаптарыбыздын боорлорун трансплантациялоо маселеси турат. Бул максатка жетүү үчүн өлкөдө адам органдарын трансплантациялоо көйгөйлөрү боюнча изилдөө жүргүзүлөт, ошондой эле трансплантология борборлорун уюштуруу жаатында чет өлкөлөрдүн тажрыйбалары өздөштүрүлөт.

«Мамлекет башчысы органдарды трансплантациялоонун илимий, усулдук, укуктук жана уюштуруучулук ыкмаларын өлкөнүн медициналык практикасына киргизүү менен Кыргызстанда боорду алмаштыруу боюнча башкы координациялык борбордун моделин уюштурууга жетишебиз деген изги тилегин айтты. Муну менен республикада трансплантология кызматы өнүгүп, Кыргызстандагы оорулуулардын өлүмүнүн санын азайтууга болот», — деп айтылат маалыматта.

Ахмет Кызылай Инөнү университетинин делегациясы Кыргызстанга Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын тапшырмасы менен органдарды трансплантациялоо кызматын өнүктүрүү боюнча алдыңкы тажрыйба алмашуу үчүн келгенин билдирди. Ал Инөнү университетинде Түркиянын мурдагы президенти Тургут Озалдын атынан аталган медициналык борбор органдарды трансплантациялоо боюнча алдыңкы клиникалардын бири экенин билдирди. Бүгүнкү күндө борбордун адистери тарабынан 22 жылдын ичинде 3 миң 700дөн ашык операциялар ийгиликтүү жасалган.

Ректор белгилегендей, медициналык борбордо боорду алмаштыруу боюнча Кыргызстандын саламаттык сактоо системасында иштеп жаткан 65 медициналык адис окууну ийгиликтүү өттү. Мындан тышкары, учурда борбордо 33 кыргызстандык адис өз квалификациясын жогорулатууда.

Ал Инөнү университети Кыргызстанда боорду трансплантациялоо боюнча башкы координациялык борборду түзүүгө ар тараптан көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Source
24.kg

TuraNews

Back to top button