Башкы

Бишкекте Яндекс Go Тамак сервиси иштей баштады

Рыноктогу жаӊы оюнчунун пайда болушу менен керектөөчүлөр даяр тамакка буйрутма берүүчү технологиялык платформага мүмкүнчүлүк алышат, ал эми ресторандар – жаӊы кардарлар агымы менен сатуулардын көбөйүшүнө жетишет.

Бишкекте кафе жана ресторандардан даяр тамак-аш жана дүкөндөрдөн азык-түлүк жеткирүүчү Яндекс Go Тамак сервиси иштей баштады. Үйгө же кеӊсеге ысык тамакты Яндекс Go тиркемесинде буйрутма берүүгө болот. Долбоордун башында сервиске ресторандык бизнестин 20 ашык өкүлү кошулду, алардын арасында KFC, NAVAT, «Бублик», ошондой эле ритейл бар. Өнөктөштөрдүн тизмеси дагы толукталат, ал эми жеткирүү зонасы – өсө берет. Ошентип керектөөчү түрдүү тамак-ашка жеткиликтүү болуп, тиркемедеги фильтрлер жана атайын топтомдор тандоого жардам берет, ал эми бизнес – жаӊы кардарлардын агымына жана сатууну көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк алат.

«Кыргызстанда фудтех рыногу жетиштүү өнүккөн. Ал эми кызматка талап сунуштан ашат жана биз сапаттуу тейлөө жана тез жеткирүү сунуштоого даярбыз. Биздин такси чакыруу жана жөнөтмө жиберүүчү тиркемебиз өлкөнүн көпчүлүк шаарларында ийгиликтүү иштеп жатат. Эми болсо керектөөчүлөргө даяр тамак-аш менен азык-түлүктөрдү тез жана ыӊгайлуу жеткирүүнү камсыз кылган технологиялык сервис жеткиликтүү болот», – дейт Кыргызстандагы Яндекс Go Тамак сервисинин жетекчиси Арман Досмаилов.

Өнөктөштөр менен иштешүүгө жана жеткирүү убактысын ылайыктоого сервистин акылдуу технологиясы мүмкүндүк берет. Айтсак жеткиликтүү ресторандар тизмесинен ар бир дарек үчүн жакынкы мекеме көрсөтүлөт. Тамак даяр болгуча, платформа буйрутманы бөлүштүрөт жана линиядагы курьерлер менен ыӊгайлуу маршрут түзөт. Тамак-аш жеткирүүнүн жүрүшүн тиркемеден көрүүгө болот – ал буйрутманын макамын жана жеткирүүчүнүн бара жаткан ордун көрсөтөт.

Яндекс Go Тамакка буйрутма түшкөн учурдан тартып, курьердин термо баштык менен жеткирген убактысы орточо 30 мүнөттү түзөт. Даяр тамакты өнөктөш логистикалык кызматтардын жана ресторандардын жеткирүүчүлөрү ташыйт. Курьерлер жөө, велосипед же самокат менен жүрөт. Алыс райондордон түшкөн буйрутмалардын бир бөлүгү машина менен жеткирилет.

Биринчи үч айда жеткирүү акысыз болот. Ошодой эле, сервис иштин башталышынын урматына биринчи буйрутмага арзандатуу берет – ал кардарга 250 сомго арзан түшөт. Буйрутманы тиркемедеги аккаунтка байланган банк картасынын жардамы менен же накталай төлөсө болот.

Кыргызстан – Россия, Казакстан, Беларусь, Армения жана Өзбекстандан кийин эле ушул сервис иштеген алтынчы КМШ мамлекети болуп калды. Эл аралык рынокто Яндекс Тамак менен 20 ашык шаарда 8 миӊден ашык мекеме кызматташат.

Такси чакыруу, тамак жана жөнөтмө жеткирүү үчүн Яндекс Go тиркемесин акысыз App Store жана Google Play аркылуу көчүрүп алууга болот, ал iOS жана Android үчүн кыргыз, орус, англис жана башка тилдерде жеткиликтүү. Кимде тиркеме бар болсо, аны Яндекс Go Тамак сервисин пайдалана баштоо үчүн акыркы версияга чейин жаӊыртып алуу зарыл.

Source
Kabar.kg

TuraNews

Back to top button