Башкы

Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен жеринде жер титирөө катталды

Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен жеринде жер титирөө катталды.

Улуттук илимдер академиясына караштуу Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 14-мартта саат 10:49да катталып, очогунда күчү 3,4 баллга жеткен.

Жер титирөө Ош облусунун Араван районунун Мангыт, Кочубаев жана Кызыл-Коргон айылдарында 2,5 баллга (Ош шаарынан 47 чакырым батышка) чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

TuraNews

Back to top button