БашкыЖашоо

Бишкекте Иран искусствосунун көргөзмөсү ачылды

Бүгүн, 13-мартта Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Иран искусствосунун көргөзмөсү расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага маданият министринин орун басары Марат Тагаев, Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн, Иран элчилигинин Маданий өкүлчүлүгүнүн башчысы Абузар Тоганивдин катышты.

Марат Тагаев өз сөзүндө Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы маданий карым-катнаштын тарыхы бир кылымдан ашык убакытка созулуп келе жатканын айтып, мындай иш-чараларды биргелешип уюштуруу эки өлкөнүн ортосундагы маданияттар аралык кызматташтыкты өнүктүрөөрүн, бүгүнкү өтүп жаткан көргөзмө аркылуу Ирандын уникалдуу атмосферасы, – эбегейсиз маданий мураска ээ байыркы маданияты менен таанышуу эки элди жакындатарын, келген көрөрмандар Иран искусствосуна кызыктуу саякат жүргүзүп, руханий азык алаарына ишенимин билдирди.

Көргөзмөгө Ахмад Араб-Рахими, Хосейн Саржукиян, Рухолла Джаханбин, Сабер Сафай аттуу Иран элинин мыкты чеберлеринин эмгектери менен коюлган.

Көргөзмө 16-мартка чейин уланып, анын алкагында Ахмад Араб-Рахими, Хосейн Саржукиян, Рухолла Джаханбин, Сабер Сафай тарабынан мастер-класстар өткөрүлөт.

Source
Kabar.kg

TuraNews

Back to top button