БашкыТуризм

Азербайжан Ысык-Көлдүн жээгинде 5 жылдыздуу мейманкана курат

11-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын министрлер кабинети жана Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы Ысык-Көлдүн жээгинде 5 жылдыздуу мейманкана куруу үчүн инвестициялар жөнүндө макулдашуунун долбоору талкууланып, жактырылды.

Макулдашуунун долбоорун Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов тааныштырды.

Ал билдиргендей, 5 жылдыздуу мейманкананы Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылына куруу пландалууда жана ага жалпысынан 17,24 гектар жер бөлүнүп берилүүдө.

Баясов белгилегендей, макулдашуу 1997-жылдагы Кыргыз өкмөтү менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды коргоо жана колдоо келишиминин негизинде иштелип чыккан.

“Бул туристтерди тартуунун стратегиялык кадамынын бири болуп саналат. 5 жылдыздуу мейманкана куруу мөөнөтү 3 жыл”, – деп кошумчалады Баясов.

Директордун орун басары 49 жыл өткөндөн кийин объект Кыргызстандын карамагына өтөрүн, ошол эле учурда Азербайжан макулдашууну узартууга укуктуу экенин белгиледи.

Комитет төрагасы Улан Примов Юстиция министрлигинин корутундусун эске алып, жер жана андагы курулмалардын 49 жылдан кийинки тагдырын аныктоо боюнча кемчиликтерди жоюу сунушун берди.

TuraNews

Back to top button