БашкыСаясатТуризмЭкономика

Ошто Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара маселеси талкууланды

Ош шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын жумушчу топторунун чек араны демаркациялоо комиссиясынын ишмердүүлүгү боюнча жыйыны болуп өттү.

Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.

Тараптар 2023-жылдагы иштердин жыйынтыгын чыгарып, 2024-жылга карата жолугушуулардын графигин бекитишти.

“Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо, демаркациялык карталарды жана атайын (жалпы) геодезиялык тармакты түзүү маселелери талкууланды. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлду. Жумушчу топтордун кийинки жыйыны Өзбекстанда өтөт”, — деп айтылат маалыматта.

TuraNews

Back to top button