Технология

Жалал-Абадда IT-борбор куруу пландалууда

Капиталдык курулуш департаменти Жалал-Абад шаарында IT-борборунун имаратын курууга тендер жарыялады.

Сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, объектти Ж.Бакиев көчөсүндө жайгашкан муниципалдык жер тилкеге куруу пландалууда.

Тендердин суммасы 65 млн 363 миң 22 сомду түзөт. Конкурстук табыштамаларды 4-майга чейин берүү зарыл.

TuraNews

Back to top button