ЖашооТехнология

Маданият министрлиги Кыргызстандын аймагында TikTok`тун ишин токтотуу чечимин кабыл алды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстандын аймагында TikTok тармагынын ишин токтотуу чечимин кабыл алды. Чечим КР мыйзамдарынын алкагында андан ары ишке ашыруу үчүн өлкөнүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине жөнөтүлдү.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, ведомствонун дарегине бир катар бейөкмөт уюмдардын Tik Tok социалдык тармагынын балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден соолугуна тийгизген терс жана зыяндуу таасирине байланыштуу тынчсызданган кайрылуулары көбөйдү.

“TikTok колдонуучуну кыска клиптердин виртуалдык дүйнөсүнө батырат, аларды көргөндөн кийин өспүрүмдөр тигил же бул клиптерди кайталоого аракет кылышат, алардын айрымдары балдардын өмүрүнө коркунуч туудурат. Мындан тышкары, балдардын жаңы калыптанып келе жаткан психикасы али туруктуу эмес, мындай контент көз карандылыкты жаратып, өсүп келе жаткан муундун эмоционалдык абалына терс таасирин тийгизет”, – деп айтылат билдирүүдө.

Ушуга байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан бул социалдык тармактын контентине мониторинг жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө TikTok платформасын колдонууда балдардын ден-соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматты чектөөлөр жана ошондой эле курактык категорияны контролдоо функциялары киргизилбей жаткандыгы аныкталган.

Көптөгөн кайрылууларды эске алуу менен жана жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстандын аймагында TikТok кызматын жайылтуу ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Source
Kabar

TuraNews

Back to top button