ЖашооТехнология

Кыргызстанда эт азыктарынын сапатын QR-код аркылуу текшерсе болот

Ветеринария кызматы этти сатып алардан мурун QR-кодун сканерлеп, сапатын жана сактоо мөөнөтүн текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү идентификациялык системаны ишке киргизди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эми ар бир жаран базардагы мал этинин сапатын, малдын союлган күнүн QR-код аркылуу текшерип билсе болот.

“Эттин сапатын, малдын жашын, кайдан келгенин, качан союлганын, ал тиешелүү ветеринардык – санитардык талаптарга жооп береби же жокпу мунун баардыгын ар бир жаран QR-код аркылуу көрө алат”, – деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, мындай ыкма эт продукциясынын союлган жеринен баштап, канча жолу ветеринардык экспертизадан өткөндүгү жана бул мал этин сатууга уруксаты барбы деген сыяктуу маалыматтардын баарын камтыйт.

TuraNews

Back to top button