БашкыДүйнөТехнология

Кыргызстан мобилдик интернеттин арзандыгы боюнча дүйнөдө бешинчи орунда

Кыргызстан мобилдик интернеттин арзандыгы боюнча дүйнөнүн 233 өлкөсүндө бешинчи орунда турат. Бул тууралуу 19-апрелде Бишкекте өткөн тегерек столдун жүрүшүндө Экономика министрлигинин өкүлү Нурлан Жусумалиев билдирген.

Анын айтымында, Кыргызстандын абоненттери 1 ГБ интернет үчүн 0,17 доллар төлөшөт.

“Мобилдик интернетти 6,4 миллион адам колдонот. Накталай эмес төлөм жүргүзүү үчүн талап кылынган банктык төлөм карталарынын жалпы саны 5,2 миллионду түзөт”, – деди Жусумалиев.

Ал кошумчалагандай, мамлекет Кыргызстанда “бардык жерде жана сапаттуу” интернет менен камсыз кылуу боюнча жигердүү иштеп жатат. Ошондой эле жакынкы аралыкта калктын жана ишкерлердин санариптик көндүмдөрүн жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлөт.

TuraNews

Back to top button