Спорт

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасынын эки оюнчусу россиялык клубга өттү

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасынын оюнчулары Семетей Мурзакулов жана Айдар Абдыжалил уулу Ульяновск шаарынын (Россия) «Волга» клубунун оюнчулары болду. Бул тууралуу КР Футзал ассоциациясынан билдиришти.

Аталган клуб Россиянын Жогорку лигасында ойнойт.

Kabar

Эске салсак, өткөн сезондо Семетей Мурзакулов “Нефтчи” командасынын курамында өткөргөн, Айдар Абдыжалил уулу “Дастан” клубу менен Кыргыз Республикасынын чемпиону болгон.

TuraNews

Back to top button