ДүйнөСпорт

Казактын улуттук спорт түрлөрүн жайылтуу

Аяк оона айынын 1нен тартып, башкача айтканда, бүгүнтөн баштап Казакстанда «ALAMAN» медиа сынагы башталды.

Казактын улуттук спорт түрлөрүн жайылтууга багытталган иш-чара 6 ай бою 7 категория боюнча өткөрүлөт. Мыкты серепчилер, окуу материалдары жана программалары, маектер менен фото сүрөттөр тандалып алынат. Максаты – массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн арасынан мыкты журналисттерди жана мыкты тармактык талдоочуларды аныктоо. Улуттук спорттун түрлөрү ассоциациясы тараткан маалыматка караганда, келерки жылы Казакстанда өтө турган 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын темасына артыкчылык берилет.

Исламбек Салжанов, улуттук спорт бирикмесинин президенти:

-Бул долбоор мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин түздөн-түз көзөмөлүндө. Учурда даярдыктар жүрүп жатат. Көчмөндөр оюндары жылдан жылга кулачын кеңири жайууда. Мисалы, 2014-жылдагы биринчи оюнда бул мелдешке 19 өлкөдөн 583 спортчу катышкан. 2022-жылы Түркияда өткөн төртүнчү оюндарга 102 өлкөдөн 3000 спортчу катышты. Ал эми келерки жылы өлкөбүздөгү иш-чарага дүйнөнүн 100дөн ашуун мамлекетинен 3 миңден ашык спортчу жана 15 миң чет элдик туристтер келет деп пландап жатабыз.

Мындан тышкары, жыйында бирикменин ар бир федерациясынын жетишкендиктери өзгөчө белгиленди. Ага «Чүкө атуу», «Тогуз коргоол», «Садак атуу», «Көк бөрү» сыяктуу улуттук спорттун бир нече түрлөрү кирет. Акыркы бир жылда 9 федерациянын спортчулары 12 эл аралык мелдеште 39 алтын, 27 күмүш жана 29 коло медаль алышкан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

Source
Jibek Joly TV

TuraNews

Back to top button