БашкыСпорт

Азия оюндары: Кыргызстандын курама командасынын тизмеси аныкталды

Кыргызcтандын улуттук курама командасы Азия оюндарына катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдештер 23-сентябрдан 8-октябрга чейин Кытайдын Ханчжоу шаарында өтөт. Оюндар төрт жылда бир өткөрүлүп, ага 40тан ашуун өлкөнүн спортчулары катышат.

Аталган оюндарга Кыргызстандан – 230дан ашык киши барат. Анын ичинде спортчулар, машыктыруучулар, медицина кызматкерлери, кураторлор жана басма сөз кызматынын өкүлдөрү бар.

Азия оюндарынын программасына жалпы 42 спорттун түрү киргизилген, анын ичинен кыргызстандык спорчтулар 23 спорттун түрүнөн катышат. Алар – бокс, сууда сүзүү, ок атуу, жаа атуу, дзюдо, оор атлетика, күрөш түрлөрү (кыз-келиндер күрөшү, эркин күрөшү, грек-рим күрөшү), каратэ, фехтование, жеңил атлетика, каное жана байдаркада сүзүү, заманбап спорттун беш түрү, таэквондо WT, триатлон, волейбол, шахмат, ушу саньшоу, , кибер спорт, джиу-джитсу, баскетбол 3х3, көркөм гимнастика, футбол, кураш.

Белгилей кетсек, Азия оюндары 1951-жылдан бери өткөрүлүп келет. Акыркы жолу 2018-жылы Индонезиянын Джакарта шаарында өтүп, Кыргызстандын улуттук курама командасы 2 алтын, 6 күмүш жана 12 коло медаль жеңген.

Тизме менен шилтемеге кирип таанышууга болот.

Source
Kabar

TuraNews

Back to top button