БашкыДүйнө

Түркиянын Кахраманмараш шаарына кыргыз боз үйлөрү тигилди

Кыргызстандан жөнөтүлгөн боз үйлөр Түркиянын катуу жер титирген шаарларынын бири Кахраманмарашта тигилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен жер титирөөдөн жабыркаган түрк боордошторго 120 боз үй гуманитардык жардам катары 12-13-февралда жөнөтүлгөн.

12-феварлда Кыргызстандан Газиантеп шаарына атайын учак менен 78 баш боз үй, 80 куткаруучу жана 6 дарыгер жөнөтүлгөн.

Ал, 13-февралда Түркиянын жер титирөө болгон аймагына Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев баштаган 35 адам, анын ичинде 3 дарыгер, 3 боз үй тигүүчү, куткаруучулар атайын борт менен учуп кетишти. Алар менен бирге 49 боз үй, мобилдүү кийиз үй жана медикамент түрүндө гуманитардык жүк жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

TuraNews

Back to top button