Дүйнө

Түрк Мамлекеттери Уюму Азербайжанга көңүл айтты

Уюмдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, башкы катчы Багдад Амреев Азербайжан менен Армениянын чек арасында «Армян куралдуу күчтөрүнүн аскердик провокацияларына тынчсызданганын» жана муну айыптаганын айтты.

Түрк Мамлекеттери Уюмунун баш катчысы Багдад Амреев, Азербайжан-Армения чек арасындагы кагылышууда каза болгон азербайжандык жоокерлер үчүн көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Уюмдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, башкы катчы Багдад Амреев Азербайжан менен Армениянын чек арасында «Армян куралдуу күчтөрүнүн аскердик провокацияларына тынчсызданганын» жана муну айыптаганын айтты.

Амреев Түштүк Кавказда туруктуу тынчтык жана ырааттуулук үчүн Азербайжан менен Армениянын ортосундагы нормалдашуунун жана тынчтык процессинин маанисин баса белгиледи.

Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн жана эл аралык коомчулук тарабынан таанылган чек араларынын кол тийбестигин колдой турганын кайталаган Амреев, Арменияны эки коңшу өлкөнүн ортосунда жетишилген келишимдерди сактоого чакырды.

Багдад Амреев: «Катчылык курман болгондордун жакындарына, боордош Азербайжан элине жана өкмөтүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайт»,- деди.

Азербайжандын Коргоо министрлиги мурунку күнү кечинде жана кечэ эртең менен уланган Армениянын чек арадагы провокацияларынын натыйжасында 50 аскердин шейит болгонун кабарлаган болчу.

TuraNews

Back to top button