БашкыДүйнөСаясат

Россиянын президенти Путин Эрдоганга ал тууралуу тартылган тасманы тапшырды

Россиянын президенти Владимир Путин президент Режеп Тайып Эрдоганга ал  тууралуу тартылган даректүү тасманы тапшырды.

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков орус маалымат агенттиги ТАССка берген билдирүүсүндө Путиндин Россиянын Сочи шаарында Эрдоганга ал тууралуу тартылган даректүү тасманы тапшыргандыгын айтты.

Эрдоган тууралуу тартылган даректүү тасма орус журналист жана ТАСС маалымат агенттигинин башкы директорунун орун басары Михаил Гусман, ТАСС жана Россия  – 24 телекөрсөтүү каналы тарабынан даярдалды.

Буга чейин Эрдоган менен төрт жолу макетешкен Гусмандын «Формула Власти» программасынын алкагында даярдалган даректүү тасмада Эрдогандын бала кезиндеги жашоосу, саясаттагы көтөрүлүшү, ийгилиги жана башкаруу мезгилиндеги кызматтары чагылдырылган мурунку интервьюларынан алынган үзүндүлөр орун алган.

Өзгөчө тасмада президент Эрдогандын кыска убакыт мурда Түркия Республикасынын коммуникация башкармалыгынын координациясы менен орус тилине которулган «Адилеттүү дүйнө мүмкүн» аттуу китебинен маанилүү сөздөргө орун берүү менен Эрдогандын көз караштарына көңүл бурат.

Россиянын мамлекеттик “Россия-24” телеканалында берилген  даректүү тасма июнь айында Түркиянын Москвадагы элчилигинде көрсөтүлгөн.

Орус журналист Гусман президент Эрдогандын улуу саясатчы экендигин белгилеп : “Түркия ушундай лидерге ээ болгон үчүн бактылуу өлкө. Ал жөн гана улуу саясатчы эмес,  улуу инсан, улуу харизма. Ал абдан жогорку деңгээлдеги, стратегиялык ой жүгүрткөн, заманбап дүйнөнү түшүнгөн саясат таануучу. Бүгүн лидер катары Эрдогандын ролу бир гана Түркияда эмес,  дүйнөдө да абдан чоң мааниге ээ»,- деген.

 

Source
TRT

TuraNews

Back to top button