БашкыСаясат

Садыр Жапаров Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Тажикстанга барат

Өлкө башчы Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен 14-сентябрда Душанбе шаарына иш сапар менен барат. Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Айтымында, Душанбеде Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусу өтөт, ага Садыр Жапаров да катышат.

“Иш-чарага Борбор Азиянын башка мамлекеттеринин башчылары катышары күтүлөт. Сапардын алкагында Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Душанбеде боло турган Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусу көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулоону көздөйт деп күтүлүүдө”, – деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

TuraNews

Back to top button