Экономика

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол келишими

Келишимге Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев, Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов, Кытайдын өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Хэ Лифэнь кол коюшту.

Өзбекстандын Самарканд шаарында, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун Кыргызстандын аймагындагы бөлүгүн куруу долбоору боюнча кызматташуу келишимине кол коюлду.

Кыргызстандын Президентинин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин лидерлеринин саммити өтө турган Самарканд шаарында, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун Кыргызстан аркылуу өтүүчү тилкесин куруу долбоору боюнча кызматташуу келишимине кол коюлганы айтылды.

Маалым болгондой, келишимге Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев, Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов, Кытайдын өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Хэ Лифэнь кол коюшту.

Келишимде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курула турган Торугарт-Арпа-Макмал-Жалал-Абад багытындагы иштердин эң кеч 2023-жылдын 1-июнуна чейин бүткөрүлүшү көздөлгөнү айтылды.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорунун негизинде Борбор Азиянын Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана Жакынкы Чыгыш рынокторуна жетүүсүн камсыз кылуу максатталууда.

Source
TRT

TuraNews

Back to top button