Дүйнө

Чет жакта 800 миңден ашык кыргызстандык иштейт. Өлкөлөрдүн тизмеси

Мекендештер иш издеп барган өлкөлөрдүн ичинен Россиядан кийинки орунда эле Түркия менен Казакстан турат.

Кыргызстандын 800 миңден ашык жараны кеминде 11 мамлекетте эмгектенет. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
Министрликтин маалымат кызматы мекендештердин көбү кайсы мамлекеттерде иштээрин айтып, сандарды келтирди:
  • Россия — 680,5 миңдей адам;
  • Түркия — 35 миң;
  • Казакстан — 35 миң;
  • АКШ, Канада — 26 миң;
  • Германия, Польша — 11,2 миң;
  • Түштүк Корея — 6,4 миң;
  • Өзбекстан — 5 миң;
  • БАЭ — 5 миң;
  • Улуу Британия — 3 миң.
Source
Sputnik.kg

TuraNews

Back to top button