Башкы

Азербайжандын Ирандагы элчилигине кол салуу болду

Азербайжандын Ирандын борбор шаары Тегерандагы элчилигине жасалган куралдуу кол салууда коопсуздук кызматынын башчысы каза болду.

Азербайжандын Ирандын борбор шаары Тегерандагы элчилигине жасалган куралдуу кол салууда коопсуздук кызматынын башчысы каза болду.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Баку убактысы боюнча саат 08:30 чамаларында Тегеран элчилигине куралдуу кол салуунун жасалгандыгы билдирилди.

Маалыматта Калашников автоматы менен аткан кол салуучунун элчиликтин коопсуздук кызматынын башчысын  өлтүргөндүгү, 2 коопсуздук кызматкеринин да жаралангандыгы белгиленди.

Кол салуу тууралуу иликтөөлөр улантылууда.

Бир тараптан Түркия Азербайжандын Тегеран элчилигине жасалган чыккынчылык кол салууну күчтүү түрдө айыптаганын жана ар дайым Азербайжандын жанында экенин жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү белгиленди.

Билдирүүдө : «Министр Чавушоглу Азербайжандын Тегеран элчилигине жасалган чыккынчылык кол салууну катуу айыптай турганыбызды жана ар дайым Жан Азербайжандын жанында экенибизди баса белгиледи. Чавушоглу каза болгон элчиликтин кызматкери үчүн көңүл айтып, жаралуулардын тез сакайып кетишин каалады»,- деп айтылды.

Source
TRT

TuraNews

Back to top button