Дүйнө

Алиевден Амреевге “Достук ордени”

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Түрк Мамлекеттери Уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Багдад Амреевди “Достук ордени” менен сыйлады.

Азербайжандын Президенттигинен берилген маалыматка караганда, Алиев Бакуда сүйлөшүүлөрдү өткөргөн Амреевди кабыл алды.

Алиев Амреевге ТМУнун башкы катчысы катары үзүрлүү ишмердүүлүгү жана Азербайжан менен Уюмдун башка мүчөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүдөгү өзгөчө кызматы үчүн “Достук орденин” тапшырды.

TuraNews

Back to top button