БашкыСаясат

Самаркандда лидерлер эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшүүдө

Путин эң биринчи Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушту.

Өзбекстандын Самарканд шаарында бүгүн башталган жана эртең да улана турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитинин алдында катышуучу өлкөлөрдүн лидерлери эки тараптуу жолугушууларды улантышууда.

ШКУнун негизги өлкөлөрүнүн бири болгон Орусиянын лидери Владимир Путин уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен жекеме-жеке жолугушууларды өткөрдү.

Путин эң биринчи Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушту.

Жолугушууда Путин Кыргызстанга көрсөткөн экономикалык колдоолорунан сөз кылып: «Өткөн жылы 20 миллион долларлык каржылык жардам көрсөткөнбүз. Быйыл да Кыргызстандын чек арасындагы каргашалуу окуядан улам жабыркаган социалдык инфраструктурага бир жарым миллион доллар бөлүндү. Албетте муну ушул трагедиялуу окуяларды эске алуу менен ишке ашырабыз»,- деди.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухаммедов менен да жолуккан Путин, Түркмөнстандагы Каспий саммитинин уюштуруу иштеринин ийгиликтүү өткөнүн айтып Бердимухаммедовго ыраазычылык билдирди.

Путин Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен да маанилүү жолугушуу өткөрдү.

Орусиянын Ирандын ШКУга толук кандуу мүчө болушуна толук колдоо көрсөткөнүн эске салган Путин: «Жогорку технология тармагы менен бирге биздин кызматташтыгыбыз жакшы өнүгүп жатат. 9-августта Байконур космодромунан Жерди байкоочу Хайям спутниги учурулган. Акыркы этапта болсо Орусия менен Ирандын ортосундагы мамилелердин стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине өтүшүн белгилей турган жаңы ири келишимдин үстүндө иштелип жатат»,-деди.

Орусиянын президенти Владимир Путин Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен да жолугушту.

Путин Пакистандагы сел апаатына байланыштуу Пакистанга дагы бир жолу көңүл айтты.

Эртең болсо Орусиянын президенти Путин менен президент Режеп Таййип Эрдогандын жекеме-жеке жолугушуусу болот.

Source
TRT

TuraNews

Back to top button