Жашоо

Ош шаарындагы жаңы жылдык салтанатка 15 миңге жакын адам күбө болду

Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жыл майрамы белгиленип, 15 миңге жакын адам чогулду.

Ош мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, саат 14:00дөн баштап концерттик программалар тартууланды. Кечкисин шаар башчы Бакытбек Жетигенов аянтта калаа тургундарын жана конокторун жаңы жылы менен куттуктады.

Иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков да катышты. Майрам фейерверктер менен коштолуп, жаштар үчүн ырлар жаңырды.

Source
Kabar

TuraNews

Back to top button