Жашоо

Манас районунда 2 бала бакча ишке берилди

Талас облусунун Манас районунда эки мектепке чейинки билим берүү мекемеси ишке берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Атап айтканда, Манас районуна караштуу Кыргызстан айыл өкмөтүнүн Көк-Дөбө айылында эки кабаттан турган 100 орундуу “Ак шоола” муниципалдык бала бакчасы пайдаланууга берилди.

Бала бакчанын курулушуна жалпысынан 10 млн 220 миң 283 сом жумшалып, анын ичинен 8 млн 808 миң 583 сом түрткү берүүчү грант аркылуу капиталдык ремонтуна сарпталса, 1 млн 411 миң 700 сом “Манас” райондук өнүгүү фондунан бөлүнүп, эмеректер алынган.

Ал эми Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Ак-Таш айылында 50 орундуу “Абдылдабек уулу Марат” атындагы муниципалдык бала бакча ачылып, долбоордун жалпы суммасы 5 млн 335 миң сомду түзөт. Анын ичинен капиталдык ремонтуна 4 млн 350 миң сом суммасындагы каражат “Талас” өнүктүрүү фондунан каржыланып, “Манас” райондук өнүгүү фондунан 985 миң сом каражат эмеректерине бөлүнгөн.

TuraNews

Back to top button