Башкы

Малайзиянын алдыңкы университети кыргызстандык абитуриенттер үчүн акысыз 20 квота бөлдү

Анын маалыматына караганда, академиялык жогорку жетишкендиктерге ээ болгон студенттер үчүн билим алуу акысыз, алар болгону жеке чыгымдарына жана тамак-ашына кеткен каражатты өз чөнтөгүнөн төлөйт. “Аталган университетте бул кызматтардын баасы абдан жеткиликтүү”, – деп кошумчалады ал.

“Ошондой эле университет студенттик жана академиялык алмашуу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдүн алкагында Кыргызстандын жогорку окуу жайлары менен тыгыз кызматташууну көздөйт. Бүгүн кыргызстандык эки ЖОЖ менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу пландалууда: Кыргыз улуттук университети жана КР президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы”, – деди ал.

Алтынбек Бегалиев баса белгилегендей, Xiamen University Malaysia Малайзиядагы эң алдыңкы университеттердин бири жана Кытайдын мыкты ЖОЖнун кампусу болуп саналат.

Source
Kabar

TuraNews

Back to top button