Ден соолук

Кыргызстанда 13 бала бюджеттин эсебинен кол протездери менен камсыз болду

Кыргызстанда 13 бала бюджеттин эсебинен технологиялык кол протездери менен камсыз болду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрликте “Киби” кол протездерин алган бейтаптар менен жолугушуу болуп өттү. Буга мамлекеттик бюджеттен 1 млн 789 миң 988 сом бөлүнгөн.

Аталган протездерди Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин техник-протезчилери Сколковонун резиденти “Моторика” компаниясынын компоненттеринен жасашкан.

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин директору Ализа Солтонбекованын айтымында, “Киби” протездери баланын протезди өзүнүн дене мүчөсү катары кабыл алууну калыптандырат.

“Балдар функционалдык протездерди кичинекей кезинен тарта колдоно башташы керек. Кол протездери баланын функциясын гана жакшыртпастан, ден-соолукка керексиз көйгөйлөрдүн алдын алып, күнүмдүк жашоосуна туруктуу тонусту кармап турууга мүмкүндүк берет. “Киби” – бул жөнөкөй иштөө принциби бар протез, ал электроникасыз иштейт жана суудан коркпойт”,- деп кошумчалады ал.

Маалымат үчүн: “Kиби” – дүмүрдүн булчуңдарынын тартылуусунун эсебинен иштейт. Колдонуучунун күчү гана керек. Бул протезге кошумча тиркемелерди да орнотсо болот. Мисалы: смартфон кармагычтарды, кол чырактын модулун жана башкалар. Заманбап “Киби” протезди жасоого биринчи кадам 2022-жылдын август айында Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин, Сколковонун резиденти – “Моторика” компаниясынын жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ортосунда үч тараптуу келишимге кол коюу менен башталган.

Source
Kabar

TuraNews

Back to top button