БашкыСаясат

Кыргыз-өзбек чек арасында эки өлкөнүн район башчылары жолукту

Кыргызстандын Баткен жана Өзбекстандын Риштон райондорунун акимдери Учкунбек Жоробаев менен Бахадир Холиков жетектеген тийиштүү делегациялардын жолугушуусу болду. 

Тараптардын жолугушуусу Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Зарташ, Өзбекстандын Риштон районунун Чоң-Гара айылы менен чектешкен аймакта өттү.

Анда тараптар чек ара аймактарындагы коомдук саясий абал, чек ара аймактарындагы чыр-чатактарды жана кылмыштуулукту алдын алуу, жазгы талаа иштери, арык-каналдарды тазалоо, эки элдин ортосундагы ынтымакты бекемдөө жана маданий иш чараларды өткөрүү сыяктуу маселелердин үстүндө пикир алмашкан.

Жолугушуу конструктивдүү маанайда өткөн.

 

 

TuraNews

Back to top button