БашкыСаясатЭкономика

Казак тарап Кыргызстандан жүк ташуучу унааларды өткөрүүнү көбөйттү – ЕЭК

Казак тарап Кыргызстандан жүк ташуучу унааларды өткөрүүнү саатына 2-3төн 8-9га чейин көбөйттү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ энергетика жана инфраструктура миснитри Арзыбек Кожошевдин жетекчилиги астында ЕЭКтин делегациясы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “Ак-Тилек – автожол” көзөмөл өткөрүү пунктуна барышып, абал менен таанышкан.

“Кыргыз тарап мониторинг тобуна казак тараптан өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн олуттуу төмөндөшүнөн улам пайда болгон жүк ташуучу унаалардын узун кезеги боюнча маалымат берген”, – деп белгиледи ЕЭК.

24-августка карата казак тараптан унаа каражаттарын өткөрүү көбөйтүлдү. ЕЭК абалды мындан ары дагы көзөмөлдөп турат.

Кошумчалай кетсек, кечээ саат 12:00гө карата жүк ташуучу унаалардын топтолушу төмөндөгүдөй болчу:

– “Ак-Тилек – автожол” пунктунда – 379;

– “Чалдыбар – автожол” пунктунда – 73;

– “Кен-Булуң – автожол” пунктунда – 89;

– “Чоң-Капка – автожол” пунктунда – 73 .

КР УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз тараптагы өткөрүү пункттары күнүмдүк режимде иштеп жатканын белгилеген.

Source
Kabar

TuraNews

Back to top button