БашкыЖашооМаданият

I Бишкек Эл аралык кинофестивалынын логотиби тандалды

Үстүбүздөгү жылдын 17-21-ноябрында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган Бишкек Эл аралык кинофестивалы өтөт. Иш-чаранын расмий логотиби тандалды. Аны жаш дизайнер Нуриза Көчкөнбаева иштеп чыккан.

Мындан ары бул логотип I Бишкек Эл аралык кинофестивалынын расмий логотиби катары бардык иш-чараларда, маалыматтык булактарында пайдаланылат.

Белгилей кетсек, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аталган кинофестивалдын логотибине сынак жарыялаган. Ага 16 креативдүү топ катышкан. Жыйынтыгында Нуриза Көчкөнбаева тарабынан жасалган логотип жеңүүчү деп табылган. Анда кинонун духу жана Кыргызстандын борбор калаасы болгон Бишкектин символикасы мыкты чагылдырылышы менен тандалып алынды.

I Бишкек эл аралык кинофестивалы президенттин “Улуттук киноиндустриясын өнүктүрүү жана КР кинематографиясынын мамлекттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын жүзөгө ашыруу, улуттук кинонун кадыр-баркын бекемдөө, ата мекендик мыкты кино чыгармаларды популярдаштыруу, бүткүл кинематографисттеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө максатында өткөрүлөт.

Source
Kabar

TuraNews

Back to top button