ЖашооТехнология

Бишкектин бардык райондоруна адамды жүзүнөн тааныган видеокамералар орнотулат

Бишкектин бардык райондоруна адамды жүзүнөн тааныган видеокамералар орнотулат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМ Бишкек шаарындагы Свердлов, Биринчи май, Октябрь жана Ленин райондорунун аймагына адамдарды жүзүнөн тааныган видеокамераларды орнотууну сунуштаган.

Адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеобайкоо камераларын колдонуунун башкы максаты – шаардын тургундарынын, меймандарынын коопсуздугун сактоо жана коомдук жайларда тартиптин сакталышын толук көзөмөлгө алуу болуп эсептелет.

“Биринчи май райондук администрациясы райондогу коомдук жайларга атайын видеокамераларды орнотуп, ал эми Свердлов, Октябрь жана Ленин райондорунда ушул багытта иштер колго алына баштады”, – деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда республика боюнча коомдук тартипти сактоо, укук бузууларды аныктоо жана ыкчам чараларды көрүү максатында коомдук жайларда 2 миң 177 видеокамера иштеп жатат. Алардын ичинен 519 видеокамера коомдук коопсуздук кызматынын алдындагы Ыкчам башкаруу борборуна онлайн көзөмөлдөө үчүн кошулган. Ал видеобайкоо камералары 360 градуска айлануу, 500 метрге чейин жакындатуу функциясы менен жабдылган.

Ошондой эле бул тутум адамдардын жүздөрүн аныктоо функциясына ээ. Жүздү идентификациялоо – бул сүрөттөгү же видеодогу адамды автоматтык түрдө аныктоого (сүрөттө ким бар экенин таануу) же текшерүүгө (сүрөттө бул адам экенин ырастоо) мүмкүндүк берүүчү технология. Учурда издөөдө жүргөн адамдарды кармоо, дайынсыз жоголгон адамдардын жүргөн жерин аныктоо, тартип бузууларды же мушташтарды алдын алуу, кылмыш бетин ачуу жана жарандарга ар кандай жардамдарды көрсөтүү процесстери жүрүүдө.

Source
Kabar.kg

TuraNews

Back to top button