БашкыТуризм

Бишкектен Сеулга туруктуу аба каттамы ачылат

Корейнын T’way Air Co., Ltd. авиакомпаниясы 2023-жылдын июнь айында Сеул – Бишкек – Сеул багыты боюнча түз каттамдарды ачууну пландап жатат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Манас” эл аралык аэропортунан Түштүк Кореянын борбор шаарына туруктуу каттамдар биринчи жолу аткарылмакчы.

Жаңы багыт боюнча биринчи каттамдын болжолдуу датасы 11-июнга белгиленген. Сеул шаарына авиакаттамдар жумасына бир жолу аткарылары күтүлүүдө.

TuraNews

Back to top button