Дүйнө

Түркиянын TOGG автоунаасынын өндүрүш базасынын ачылышы болду

TOGG Түркия Республикасынын 99 жылдыгында президент Эрдогандын катышуусунда тасмадан чыкты.

Түркиянын TOGG автоунаасынын өндүрүш базасы болгон Бурса Гемлик ишканасынын бүгүн президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан ачылышы болду.

TOGG Түркия Республикасынын 99 жылдыгында президент Эрдогандын катышуусунда тасмадан чыкты.

TOGG Гемлик кампусу көптөгөн жергиликтүү жана чет элдик конокторду тосуп алды.

Бурсанын Гемлик районундагы завод аймагына барган катышуучулар фойе аянтында көргөзмөгө коюлган 1961-жылы 4-президент Жемал Гүрселдин көрсөтмөсү менен өндүрүлгөн жана Түркиянын ата мекендик автомобиль аңгемесин баштаган «Деврим» унаасына жана TOGGдун C- SUV седан үлгүсүндөгү унааларга чоң кызыгуу көрсөтүштү.

Жыл аягына чейин роботтор менен сериялык өндүрүшкө чыга турган завод 2030-жылга чейин бир платформадан 5 башка модель менен жалпы 1 миллион унаа чыгаруу пландалууда.

TOGG топ-менеджери Гүржан Каракаш ачылыштан мурун жасаган билдирүүсүндө: «Биз төрт жарым жылдык аракетибиздин аягына чыктык, кубанычтабыз. Дүйнөлүк масштабдагы атаандаштыкка даярбыз»,-деди.

TOGG 2023-жылдын биринчи чейрегинде базарга чыга турган биринчи тубаса электрдик акылдуу унаасы C- SUVде «Түркиянын түстөрүн» колдонуучуларына тааныштырат.

Түркиянын акылдуу унаасы TOGG «Анадолу», «Гемлик», «Олту», «Кула», «Кападокия» жана «Памуккале» деген аталыштарды алып жүргөн «Түркиянын түстөрү» менен жолдо болот.

Source
TRT.Net

TuraNews

Back to top button