Башкы

Түркияда муктаж болгон Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүлдү

Түркиянын Адана шаарында муктаж болгон Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Анталия шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери тарабынан Адана шаарындагы КРнын 10 жаранына азык-түлүк, суу, жылуу кийим жана жууркан түрүндө жардам көрсөтүлүп, ысык тамак берилип, алар коопсуз жерге жайгаштырылды.

“Аданада 1984-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны А.Т. жабыр тарткан, ага ооруканада керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бул жарандын абалы канааттандырарлык; учурда ал ооруканадан чыгарылды”, – деп айтылат маалыматта.

TuraNews

Back to top button