Жашоо
Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок – ТИМ

Түркиядагы жер титирөөдө жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Эскерте кетсек, бүгүн, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,4 баллга жеткен катуу жер титирөө катталган. Түркия Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу төрагалыгынын (AFAD) интернет сайтындагы маалыматка караганда Кахраманмарашта саат 4:17де 7 километр тереңдикте жана Газиантептин Нурдагы районунда саат 04:26да 9.77 километр тереңдикте жер титирөө болду.