БашкыДүйнө

Кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмарашта 16 жаштагы өспүрүмдү аман куткарышты

Кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмарашта бир адамды аман-эсен куткарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кахранмараш шаарында кыргызстандык куткаруучуларга бөлүнгөн тилкеден 16 жаштагы түрк жараны аман-эсен куткарылды.

“Жер титирөөдөн кийинки 6-суткада, 11-февралда түнкү саат 2:30 чамасында биздин куткаруучулар түркиялыктар менен биргеликте издөө, куткаруу иштеринин учурунда уранды астынан аман калган адамды чыгарышкан. Мындй жагымдуу окуя “Он эки шубат махаласи” районунда болду”, – деп айтылат маалыматта.

Куткарылган адам ошол кыйраган имараттын 5-кабатында жашаган 16 жаштагы түркия жараны экени айтылды.

Белгилей кетсек, Кыргызстан Түркияга 67 куткаруучуну жөнөттү, ошондой эле ӨКМдин кошумча 100 кызматкерин жана гуманитардык жардамды жана боз үйлөрдү жөнөтөт.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Source
Kabar

TuraNews

Back to top button