Ден соолук
Кыргызстанда акыркы жумада COVID-19дун 27 жаңы учуру аныкталды
Кыргызстанда 27-марттан 2-апрелге чейин COVID-19дун 27 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирет.
Маалыматка ылайык, 27 адамдын 11и ооруканага жаткырылган.
“Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү саны бирден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат”, – деп айтылат билдирүүдө.