
Кыргызгидромет борборунан билдиришкендей, бүгүн, 25-апрелде Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында, 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +17…+22, Талас облусунда+16…+21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көл облусунда +12…+17, Нарын облусунда +13…+18 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, аба температурасы +19…+21, градуска чейин көтөрүлүшү күтүлөт.