БашкыСаясат

Кулубаев Түркиянын ТИМ башчысына жер титирөөнүн курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглуна жер титирөөнүн курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

«2023-жылдын 6-февралында Түркиянын бир топ провинцияларында болгон катуу жер титирөө жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең көңүл айтам, жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалап, боордош түрк элине бул кырсыктын кесепетин тез арада жоюушуна тилектешмин», – деп айтылат Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаевдин көңүл айтуусунда.

TuraNews

Back to top button