Дүйнө
Бишкектен Түркиядагы жабыркагандарга 7 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Бишкектен Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга 7 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү.
Түркиянын Кыргызстандагы элчилигиненбилдиришкендей, жүк 14-февралда түндөсү Pegasus Airlines авиакомпаниясы менен 2 тонна, “Түркавиалиниялары” авиакомпаниясы менен 5 тонна 850 кг жөнөтүлдү.
Элчиликтин маалыматына ылайык, актуалдуу болуп жаткан муктаждыктардын тизмесине кышкы чатыр, жууркан, газ жылыткыч, генератор жана уктоочу баштыктар кирет.
Эскерте кетсек, Бишкектеги гуманитардык жардам чогулткан пункт Жибек-Жолу, 264 дарегиндеги борбордук мечитте жайгашкан.