Башкы
Зилзаладан каза болгондордун саны 5 миң 894кө жетти
Вице-президент Фуат Октай, 6-февралдагы жер титирөөлөрдө 5 миң 894 кишинин каза болгонун, 34 миң 810 кишинин жаракат алганын билдирди.

Эпицентри Кахраманмараш болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдөн каза тапкандардын саны 5 миң 894кө жетти.
Вице-президент Фуат Октай, 6-февралдагы жер титирөөлөрдө 5 миң 894 кишинин каза болгонун, 34 миң 810 кишинин жаракат алганын билдирди.
Кыйраган имараттардын саны 5 миң 775, урандылардын астынан куткарылгандардын саны болсо 8 миңдин тегерегинде экенин белгилеген Октай: «Издөө-куткаруу иштерибиз уланууда. Бул аракеттер урандылардын астындагы акыркы жаранга жеткенге чейин уланат»,- деди.
Вице-президент, бардык бөлүмдөрдөн 60 миң 218 кишинин жер титирөө болгон аймактарда иштеп жатканын айтты.