Жашоо
Түркиядагы жер титирөө: Бишкекте гумжардам чогултуу пункттары ачылды

Бишкек шаарында Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга колдоо көрсөтүү максатында гуманитардык жардам чогултуу пункттары ачылды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, чогултуу пункттары төмөнкү даректерде жайгашкан:
- Биринчи май району: Жибек-Жолу проспектиси № 495 дарегиндеги социалдык өнүктүрүү башкармалыгында, телефон: 0 (312) 67 04 33;
- Ленин району: Чүй проспекти № 315 дарегиндеги муниципалдык администрациянын имаратынын биринчи кабатында, телефон: 0 (312) 653870;
- Октябрь району: Байтик-Баатыр көчөсү №17 дарегиндеги муниципалдык администрациянын имаратынын 1-кабатында, телефон: 0(312) 578900;
- Свердлов району: Чүй проспектиси №28 дарегиндеги муниципалдык администрациянын имаратынын жанында, телефон: 0312 360707.