Дүйнө

Түркияда зилзаладан курман болгондордун саны 38 миңден ашты

Түркиядагы жер силкинүүдөн каза болгондордун саны 38 миң 044 адамга жетти, Бул тууралуу Апаат жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы АФАД маалымдады.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.

Аймакта урандылардын астынан издөө – куткаруу иштери улантылууда.

 

TuraNews

Back to top button