Башкы

Түркияда катуу жер титирөө болду

Түркиянын түштүк-чыгышында, Сирия менен чек арага жакын жерде катуу жер титирөө болду.

Кахраманмараштын Пазаржык районунда 7,4 баллдык, Газиантепте 6,4 жана 6,5 баллдык эки жер титирөө болду.

Жер титирөө таасирдүү болгон Малатияда 23 киши каза болду. Губернатор Хулуси Шахин жер титирөөдөн 420 кишинин жараланганын, 140 имараттын кыйраганын билдирди.

Шанлыурфаны да силкип өткөн жер титирөөдө каза болгондордун саны 15ке жетти.

Президент Режеп Тайып Эрдоган жер титирөөдөн кийинки билдирүүсүндө: «Кахраманмарашта болгон жана өлкөбүздүн көп жеринде сезилген жер титирөөдөн жабыркаган бардык жарандарыбызга көңүл айтамын, каза болгондорго Аллахтын ырайымын, жаркат алгандарга тез сакайып кетүүнү тилеймин»,- деди.

Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу төрагалыгынын (AFAD) интернет сайтындагы маалыматка караганда Кахраманмарашта саат 4:17де 7 километр тереңдикте жана Газиантептин Нурдагы районунда саат 04:26да 9.77 километр тереңдикте  жер титирөө болду.

Source
TRT Net

TuraNews

Back to top button