Башкы

Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 35 миңден ашты

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 35 миңден ашканын Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирди.

Маалыматка ылайык, ал эми табият кырсыгынан жабыркагандардын саны 35 миң  418 адамды түздү.

Түркиянын президенти Эрдоган шейшембиде билдиргендей, куткаруу иштерине жалпысынан 249 миң адам катышууда.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Source
TRT

TuraNews

Back to top button