БашкыЖашоо

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9,4 млрд куб метрге чейин азайды

Бүгүн, 30-январга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 млрд 463 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 150 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 696 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

TuraNews

Back to top button