БашкыЖашоо

TikTok Маданият министрлигине кат жолдоду

TikTok сциалдык тармагынын жетекчилиги Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине тиркеменин Кыргызстанда жабылышына байланыштуу кат жөнөттү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдук фондунун башчысы Татту Мамбеталиева билдирди.

Анын айтымында, тиркемеге өзүнүн иши боюнча эч кандай нааразычылык түшкөн эмес. Тармактын өкүлдөрү кыргызстандын бийлиги менен өз ишине карата дооматтарды талкуулоого даяр. Кыргызстандан буга чейин эч кандай даттануу түшпөгөнүнө байланыштуу, TikTok эки тараптуу сүйлөшүүнү каалайт.

«Кат Маданият министрлигине 30-августта эле, мекеме тиркемени жабуу ниетин билдиргенден кийин эле келген. Ага азырынча жооп жок», — деди Татту Мамбеталиева.

Буга чейин Маданият министрлиги кайрылууларды жана жүргүзүлгөн мониторингти эске алып, Кыргызстанда Tik Tok социалдык тармагын жабуу чечимин кабыл алган. Мыйзам чегинде андан ары ишке ашыруу үчүн чечим Санариптик өнуктүрүү министрлигине жиберилген.

TuraNews

Back to top button