
Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө «крипто алмашуучулардын» тобу кармалып, алардан көп сандагы банк карталары, уюлдук телефондор жана сим-карталар, ошондой эле ири өлчөмдөгү «мефедрон» баңгизаты табылып алынды.
«Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген жана «крипто алмаштыргычтар» аркылуу ортомчулук кызмат көрсөткөн беш жаран кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.
Учурда жарандарга баңгизаттарды таратып жаткан адамдардын, ошондой эле бул мыйзамсыз аракеттерге көмөктөшкөн башка адамдардын аракеттерин аныктоо жана ага бөгөт коюуга багытталган ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылууда.