БашкыМаданият

Ташкентте Кыргыз улуттук филармониясынын артисттеринин концерти өттү

Ташкент шаарында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын эстрадалык-симфониялык оркестринин “Мыкты фильмдердин мыкты музыкасы” аттуу масштабдуу концерт болуп өттү.

КР ТИМден билдиришкендей, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин көмөгү менен уюштурулган концерт КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Нур Өмүрбаевдин жетекчилигинде 70тен ашык музыканттын катышуусунда өттү.

Концерттин программасында “Мстители”, “Дюна”, “Стражи Галактики”, “Пираты Карибского моря”, “Великий Гэтсби”, “Интерстеллар”, “Игра престолов”, “Тихоокеанский рубеж” жана башка белгилүү кинотасмалардын музыкалык композициялары тартууланды.

Иш-чарага КМШ өлкөлөрүнүн дипломатиялык миссияларынын жетекчилери, ошондой эле Ташкент шаарында жашаган мекендештер катышты.

Source
Kabar

TuraNews

Back to top button