Жашоо

Тажик-ооган чек арасындагы базарлар кайрадан иштей баштады

Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун акимчилиги аймактын Ооганстан менен чектеш райондорундагы базарлар кайрадан иштей баштаганын билдирди.

«Хорог шаарынын Тем кичи районундагы, ошондой эле Дарваз, Ванж, Ишкашим райондорундагы базарлар өлкө жетекчиси Эмомали Рахмондун тапшырмасына ылайык иштей баштады. Бул эки өлкө ортосундагы соода-сатык алакасын кеңейтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, 2-сентябрда Тоолуу Бадахшан автоном облусунун төрагасынын биринчи орун басары Шарифхон Сафарзода баштаган кызмат адамдары «коңшу өлкөнүн өкүлдөрүн кабыл алып, базарда түзүлгөн шарттар менен таанышып чыгышкан».

Ооганстанда 2021-жылы бийликке «Талибан» кыймылы келгенден бери ооган-тажик чек ара тилкеси жана ал жердеги базарлар жабык турган. Анда Рахмон расмий Душанбе «Талибан» кыймылы түзгөн өкмөттү тааныбай турганын айтып, Ооганстандагы тажиктердин «укуктары бузулуп жатканын» билдирген. Ал бул өлкөдө инклюзивдик өкмөт түзүлүшү керектигин белгилеген.

Тажикстандын Ооганстан менен чек ара тилкесинин жалпы узундугу 1400 чакырымды түзөт.

TuraNews

Back to top button